• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балбан Акжол Махмудовду Оштун аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Ош Эл Аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанаттуу тосуп алышты.

Шаар жетекчилери спортчуну жеңиши менен куттуктап, калпак, чепкен кийгизишти.

А.Махмудов өлкөбүздүн намысын чет өлкөдө коргоп, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретиш чоң сыймык экенин билдирди.

Айта кетсек, Словакияда уюштурулган күрөш боюнча жаштар арсындагы дүйнөлүк чемпионатта 19 жаштагы Акжол Махмудов Кыргызстандын капчыгына 18-сентябрда коло медаль алып келген.
77 кг чейинкилер арасында күрөшкөн Акжол 1/16 финалда ирандык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңген. Кийинки раундда дагы белоруссиялык Артем Валашковичтин үстүнөн мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Бирок чейрек финалда россиялык Ислам Опиевге утулуп, ал жарым финалда америкалык Камал Амир Бейдин үстүнөн жеңишке жетти. Анын жыйынтыгында А.Махмудов көңүл жубатуучу турнирде коло байге үчүн күрөшүү укугуна ээ болгон.

А.Махмудов кытайлык Юилана Юилана менен беттешип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Ал эми коло байге үчүн беттеште америкалык Камал Амир Бейди 8:1 эсебинде уткан.
Мунун жыйынтыгында Акжол Махмудов 2018-жылдагы күрөш боюнча жаштар арсындагы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын тагынды.

Ошондой эле Акжол Махмудов ушул жылы өткөн жайкы Азия оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий