• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балбан Атабек Азисбеков Казакстандагы эл аралык мелдеште коло байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Азисбеков 87 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта казакстандык Азамат Кустубаевди 6:5 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков (63 кг) дагы Bolat Turlykhanov Cup мелдешинде коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий