• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу Дүйнө чемпионатынын финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 05.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу бүгүн, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Бекболот Мырзаназар уулу 57 кг салмакта чемпионаттын жарым финалында белорустук Дмитрий Шамелага мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинле утуп, финалга чыкты.

Буга чейин кыргызстандык спортчу мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, эки балбанды тең жеңип алган.

Аталган күрөш боюнча таймашта кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын медалга татыды.

Пикир

Оставить комментарий