• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балбан Канат Шабданбаев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Ардагерлер арасында грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 3 медаль топтолду. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Мелдеш Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Дагы бир медалды кыргызстандык Канат Шабданбаев утуп алды. Ал 70 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн. Шабданбаев чейрек финалда россиялык спортчуну жеңсе, кийинки баскычта грузиялык балбанга утулуп калган. Коло медаль үчүн кармашууда Швециядан келген ардагерден күчтүү экенин көрсөткөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Бердикул Караев күмүш жана Тазабек Икрамов коло медаль тагынышкан.

Пикир

Оставить комментарий