• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балбан Тынчтыкбек уулу Бекзат Азия оюндарында алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 21.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Балбан Тынчтыкбек уулу Бекзат Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарынын жабык имараттардагы оюндарында бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча биринчи орунду ээледи. Мелдеш Түрмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жатат.

Оюндардын расмий сайтында маалымдалгандай, Тынчтыкбек уулу Кыргызстанга экинчи “алтын” медалды алып келген.

Учурда Кыргызстандан барган спортчулар бардыгы болуп эки алтын, тогуз күмүш жана 15 коло медаль утушту.

Эске сала кетсек, Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 153 спортчу барып, алар спорттун 17 түрү боюнча мелдешке катышышат.

Пикир

Оставить комментарий