• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балбан Улукбек Жолдошбеков Россиядагы эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 27.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркектер жана кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча “Иван Ярыгин” Гран-при мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 27-30-январда Красноярск шаарында өтүүдө.

Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта эл аралык турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып, казакстандык балбанды 15:4 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда россиялык спортчуну 8:4 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыкты.

Аталган мелдеште ошондой эле Бекзат Алмаз уулу 57 кг салмакта дагы жарым финалга көтөрүлдү.

Кыргызстандын атынан “Иван Ярыгин” Гран-присине алты кыз жана тогуз эркек катышууда.

Эскерте кетсек, Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Индияда өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий