• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балбан Жолдошбеков континенттер аралык кубокто коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 19.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Улугбек Жолдошбеков Россияда өткөн континенттер аралык кубокто эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча IX континенттер аралык кубок 14-15-октябрь күндөрү Хасавюрт шаарында өттү (Дагестан республикасы, Россия).

Бардыгы болуп 8 топтом медаль ойнотулуп, Кыргызстан, Азербайжан, Беларусия, Польша, Казакстан, Украина, Румыния, Түркия, Өзбекстан, Перу жана Россиянын бардык аймактарынан 200гө жакын спортчу катышкан.

Улугбек Жолдошев 61 кг салмактык категория боюнча беттешке чыгып, үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий