• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Балдар ар дайым мамлекеттин жана коомдун коргоосу астында турушу керек - Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Балдар ар дайым мамлекеттин жана коомдун коргоосу астында турушу керек, - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде.

Өкмөт башчы биздин балдардын копсуздугу маселеси жалпыбызга тийиштүү маселе деп баса белгиледи.

«Жарандар бизди курчап турган адамдарга – балдар тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө жана коңшуларга , сиздердин балдарыңыздар менен мектепке жана бала-бакчага чогуу барган балдарга кайдыгер болбошу керек. Алгачкы кооптуу белгилер байкалганда эле токтоосуз тийиштүү кызматтарга билдирип, 111 ишеним телефонуна байланышса болот. Биздин эл дайыма жакындарына жылуу мамиле кылуусу, боорукердиги менен айырмаланып келген жана бүгүнкү түзүлгөн абал өзгөчө кооптонууну жаратат. Коңшу үйлөрдө орун алып жаткан чоңдордун балдарга карата зомбулугуна кош көңүл мамиле кылууга болбойт. Жалпыбыз биргеликте гана биз бул көрүнүшкө каршы туруп, балдарды ар-түрдүү кырсыктан сактай алабыз», – деп белгиледи Премьер-министр. – Балдар ар дайым мамлекеттин жана коомдун коргоосу астында турушу керек. Биздин балдардын копсуздугу маселеси жалпыбызга тийиштүү маселе».

Абылгазиев коомчулукту аталган көйгөйгө ынтаа коюу менен мамиле кылууга чакырды.

Премьер-министр Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрация башчыларына балдарды зомбулуктан коргоонун көрсөтүлгөн чараларын ишке ашыруусу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөдү.

Өкмөт башчы ошондой эле укук коргоо органдарына балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча акыркы фактыларды тыкыр иликтеп чыгууну жана күнөөлүү жактарга мыйзам алкагында катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий