• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Балдар бакчасы, мечит жана суу мунарасы бар. Гроздь айылында социалдык шаарча ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы социалдык шаарчанын ачылышына катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекет майыптыгы бар адамдарга көбүрөөк көңүл бурууда.

«Коомдун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга болгон мамилесинин деңгээли – коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоону коомдук уюмдар жана кайрымдуулук фонддору улантып кетүүдө. Бул абдан кубандырат, биз ушундай асыл ишти жалпылап көтөрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоо деңгээлин олуттуу түрдө жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлү Министрлер Кабинетинин башчысына социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык шаарчанын жалпы аянты 3340 чарчы метрди түзөт.

Социалдык шаарчада бардык шарттары бар 15 үй (ар биринде 2ден батир), 25 орундуу бала бакча, мечит жана үйлөрдү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суу мунарасы бар.

Социалдык шаарча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий