• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балдар башка мектепке бөлүштүрүлөт. Баткенде окуу процесси үзгүлтүккө учурабай тургандыгы айтылды

Билим 0

Бишкек, 20.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Окуу процессин калыбына келтирүү үчүн китептер жана жабдуулар эсептелүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, видеосабактарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Окуу процессин оффлайн форматта жүргүзүү үчүн бузулбаган имараттар бир нече нөөмөт менен колдонулат. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн балдарды жакынкы мектептерге да бөлүштүрөбүз. Уюштурууга мүмкүн болгон жерде онлайн окутуу варианты да каралууда”, - дейт ал.

Жусупбекова Баткенде 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулганын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий