• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар бий тобу эл аралык “Дүйнө балдары” фестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Бишкек шаардык №4 искусство мектебинин окуучулары Мароккодо өтө турган XI эл аралык “Дүйнө балдары” фестивалына катышат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга 28 мамлекеттин бийчилери катышат. Эл аралык фестивалдын максаты мамлекеттер аралык мамилени жакшыртуу жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча тынчтык маданиятын жайылтуу болуп эсептелет.

Фестиваль 24-июлда башталып 1-августта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий