• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балдар үчүн анимациялык тасма тартууга сынак жарыяланат. Шарттары

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Т.Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук салт жана тарых, жаш муунду тарбиялоо тууралуу жаш балдарга арналган 1 (бир) улуттук анимациялык фильм тартууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Катышуучулардын категориясы: Сынакка катышуу бардык студиялар үчүн ачык.

Бюджети:

Анимациялык фильмдин чыгымдары:

10 мүнөттүк фильмге - 1,5 (бир жарым) млн сомго чейин;
30 мүнөттүк фильмге – 2 (эки) млн сомго чейин.

Студияга болгон талаптар:

- Анимациялык фильмдин сценарийин жазуу;
- Анимациялык фильм тартуу боюнча тажрыйбасы;
- Материалдык жана техникалык ресурстар.

Сценарийге болгон талаптар:

- Мазмуну сынактын темасына ылайык келиши керек;
- Сынактык сценарийлер балдарга түшүнүктүү болушу керек: жаш балдардын аудиториясы үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;
- Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү;
- Сынактык сценарийлерди тандоодо мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук салттарга жана тарых, жаш муунду тарбиялоого басым жасалышы эске алынат.
- Мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек.

Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

Анимациялык фильмдин талаптары:

- Анимациялык фильм узактыгы 10 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин, кыргыз тилинде болууга тийиш;
- Техникалык талаптары: форматы – 2D, Full HD, кадрдын размери 1920/1080, экран 16:9, кадрдын ылдамдыгы: 1 секундасына 25 кадр;
- Анимациялык тасмада, жаш балдарга арналган атайын жазылган ыр болушу керек;
- Анимациялык фильм, жеңген тарап менен келишим түзүлгөн убакыттан тартып 1 жылдык мөөнөттө көрсөтүүгө даяр болуусу керек.

Керектелүүчү документтер:

- Анимациялык фильмдин сценарийи кагаз жана электрондук түрүндө (1 экземпляр);
- Студия тууралуу толук маалымат (ишмердиги, тажрыйбасы, фильмографиясы);
- Сценарийидин автору тууралуу маалымат (билими, тажрыйбасы, фильмографиясы);

Белгиленген документтер конвертке бекитилип, "сынакка" деген белгиси менен төмөндөгү дарекке жөнөтүлүүсү керек.

Сынактык сценарийлер КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн сынактык комиссия аркылуу каралат.

Сынактан четтетилген сценарийлерге түшүндүрмө берилбейт.

Сынакты өткөрүү мөөнөтү:

Сынактык мезгил: 2020-жылдын 13-февралынан 2020-жылдын 13-мартына чейин.

Кабыл алуу: саат 10:00 – 17:00 чейин.

Дарек: Бишкек шаары, Динара Асанова көчөсү 1, Т. Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы, 2 кабат; Байланыш телефону: +996 312 344631, 0700 044 789; Электрондук дарек: office@kyrgyzfilm.kg

Пикир

Оставить комментарий