• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 10 айда 120 миңге жакын кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020–жылдын 10 айында телефон аркылуу 119 миң 178 кайрылуу же бир суткада орточо 390 чалуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 884 же 18,7% жаш балдардан, ал эми 3 847 же 81,3% чоң адамдардан). Анын ичинен 3 800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 521 абонентке психологиялык консультация берилди, 410 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

4 731 чалуунун ичинен эркектерден – 1 087 (же 22,9%), аялдардан – 3 644 (же 77,1%), балдардан– 884: анын ичинен эркек балдардан – 260 (же 29,4%), кыздардан- 624 (же 70,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

- гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап - 1 199;

- балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу - 1 080;

- социалдык жардам сурап – 492;

- психологиялык жабырлануудан – 396;

- үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу - 234;

- балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 241;

- аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 228;

- ар кандай суроолор менен - 200;

- БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 178;

- медициналык камсыздоо боюнча – 163;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 107;

- билим берүү системасы боюнча - 101;

- балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу - 91;

- суицид боюнча – 17;

- мектептеги рэкет тууралуу – 4.

114 миң 447 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып, аларга тиешелүү колдоолор көрсөтүлдү.

Ошондой эле борбордун психологдору тарабынан абоненттерге консультация жана сунуштар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий