• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 10 күндө дээрлик 2,5 миңге жакын чалуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021–жылдын 22–августунан 1–сентябрына чейин 2 миң 494 телефон аркылуу чалуу түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 51 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 15 же 29,4% жаш балдардан, ал эми 36 же 70,6% чоң адамдардан түшкөн).

Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 абонентке психологиялык консультация берилсе, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

51 чалуунун ичинен эркектерден – 5 (же 9,8%), аялдардан – 46 (же 90,2%), балдардан – 15: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 6,7%), кыздардан – 14 (же 93,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 8;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 6;

– социалдык жардам сурап – 6;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– БУИТ борбору тууралуу -2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2443 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү:

– Бишкек шаарынан – 19 (же 37,2%);

– Чүй облусунан – 7 (же 13,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 11,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 5,9%);

– Талас облусунан – 2 (или 3,9%);

– Ош облусунан – 2 (же 3,9%);

– Баткен облусунан – 1 (же 2,0%);

– Нарын облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 10 (же 19,6%).

Пикир

Оставить комментарий