• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар үчүн мультфильмдер кыргыз тилине которулат. Ага канча акча жумшалат?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйын жүрүшүндө белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, үнөмдөлгөн каражаттарды жумшоо боюнча кеңири сөз болду.

Талкуунун учурунда негизги көңүл үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу маселесине бурулду. Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан бөлүнгөн каражаттан 20 млн сом үнөмдөлгөн. Мына ушул каражаттан ЭлТр телеканалы көркөм фильмдерди, мультфильмдерди которуу, видеосабактарды өтүү үчүн 15 млн сом бөлдүрүп берүүнү сурады.

Техникалык жабдууларын жаңыртуу менен, заман шартына ылайык аудиокитептерди жаздыруу үчүн КТРК да 10 млн сом акча каражаты керек болуп жатканы белгилүү болду.

Билим берүү министрлигине бөлүнгөн каражаттан 6 млн 200 миң сом белгиленген иш-чаралардын аткарылбагынан улам калып калган. Министрликтин өкүлү аталган сумманы көркөм адабияттарды чыгаруу үчүн Билим берүү министрилигине калтыруу өтүнүчүн билдирди.

Мына ушундай өтүнүчтөрдөн кийин бериле турган акчаны кандай шарттар менен бөлүп берүүнүн жолдору талкууга алынып, каражат сураган тараптардын эмки жыйынга конкреттүү сунуштарды даярдап келүүсүн талап кылышты.

Ал эми жалпы алганда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын аткарылышы жаман эмес.

Пикир

Оставить комментарий