• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балдар үчүн пайдалуу спорттун түрлөрү

Спорт 0

Сиз балаңыздын ар тараптуу өнүгүп дени сак, сергек болуп өсүүсүн кааласаңыз, анда спорт менен достошууга үндөңүз. Бирок кандай спорт түрүн тандоону ойлонуп жатсаңыз анда,бул макаланы сунуштайбыз.

Ар бир бала өзүнчө шык-жөндөмгө ээ, эгер чүрпөңүздү профеционалдуу спорттон көргүңүз келсе анда анын кызыгуусун байкап, балаңыздын талантына жараша спорт түрүн тандап алыңыз да аны спорт залга жөнөтүүгө шашылыңыз. Ал эми жөн гана ден соолугу чың, сергек болуп өсүүсүнө кам көрсөңүз спорттун кайсы түрү болбосун, ал үчүн пайдалуу. Анда сиздин тандооңузга бир нече спорттун түрлөрүн сунуштайбыз.

Сууда сүзүү

Эң пайдалуу спорт түрү болуп эсептелет. Балдардын баарына эле сууда сүзүү жакса керек. Машыгууну 3 4-жашта баштаса болот.Сууда сүзүү булчуңдардын өсүшүнө гана жардам бербестен, чыдамкайлык, баамчылдык ылдамдыкка да үйрөтөт. Имунитетти жогорулатып, дем алуу системасынын ишин жакшыртат. Сууда дене бошоңдоп, гидромассаждан өтөт. Бул кан айлануу процесин жакшыртып, баланын нерв системасына оң таасирин тийгизет. Жогорудагы спорт түрүн дарыгерлер кант диабетине чалдыккан жана ашыкча салмактан жабыр тарткан балдарга сунушташат. Көз, тери ооруларына чалдыккан, ачык жаракаты барларга сунушталбайт. Аталган спорт баардык катмардагы адамдарга жеткиликтүү, баасы талапка ылайык.

Гольф

Гольф менен каалаган жаш куракта машыга берсе болот. Акыркы убакта өлкөбүздө тездик менен жайылып бара жаткан эң белгилүү оюндардан. 5-7 жаштан тарта балаңызды гольф талаасына алып барасаңыз болот. Башка спорттордон артыкчылыгы жаракат алуу коркунучу азыраак. Голь менен машыгуу баланы стратегиялык ой жүгүртүүгө, чыдамкайлыкка, туура ойлонууга үйрөтөт. Жаратылыш койнунда, таза аба балаңыздын ден соолугуна абдан пайдалуу. Бирок аталган спорт менен машыгуу арзанга турбайт, гольф кымбат турган спорт түрүнө кирет.

Теннис

Чоң теннисти бекеринен «элиталык спорт», дешпесе керек. Себеби машыгуу алда канча кымбатка турат, а эгер каражат жагынан маселе болбойт десеңиз анда ойлонбой эле коюңуз. Теннис менен 5 жаштан тарта машыкса болот. Үзгүлтүксүз машыгуулар дем алуу системасынын ишин жакшыртып балаңызды шамдагай, жеңил болууга үйрөтөт. Аталган спорт остеохондроз же зат алмашуу процесси бузулган балдарга эң пайдалуу.

Акробатика

Эң кооз, көркөм спорт. 4 жаштан тарта машыгууларды баштоо сунушталат. Булчуңдардын калыптануусуна пайдалуу. Жогорудагы спорт балдарды тартипке үйрөтүп, ийилип-чоюлууга, чыдамкайлуулука көндүрөт. Акрабатикада жаракат алуу коркунучу жогору болгондуктан, көпчүлүк ата-энелер балдары үчүн кооптонушат. Бирок жогорку квалификациялуу машыктыруучу болсо, эч кандай маселе жаралбайт.

Бий

Жаш курак тандабаган, эң пайдалуу, жеткиликтүү спорт. Балдарды 3 жаштан тарта бий ийримине алып барсаңыз болот. Бий менен алектенген адамдардын денеси жеңил, ийилчек келишет. Өзгөчө кыздар үчүн өтө пайдалуу, бий дене мүчөнүн сыналып, көркөмдүү болушуна, туура басууга, жардам берет. Аталган спорт менен ар дайым машыккан адамдар өмүр бою келишкен мүчөгө ээ боло алышат. Эгер профессионалдуу эл аралык мелдештерди эске албаганда баардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү.

Жеңил атлетика

Жеңил атлетика чыдамкайлыкка үйрөтөт, жаш балдар үчүн өтө пайдалуу, бирок балаңыз үчүн кызыксыз болбошу мүмкүн. Бул спорттун түрү дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртып, эч кандай каражат талап кылбайт. Үй-бүлөө менен машыкканга эң ыңгайлуу.

Шахмат

Шахмат - жогорку интеллектуалдык оюн. Баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, эс тутумун жакшыртат, балдарды шахмат ийримине 3-4 жашынан тарта берсе болот. Шахматты жакшы өздөштүргөн адамдар өтө акылдуу, эрудициясы күчтүү келишет.

Самбо

Жекеме-жеке спорт түрлөрүнөн бир нечесин , мисал келтирүүгө болот. Грек-рим күрөшү, дзюдо, самбо, бокс, айкидо, каратэ, эркин күрөш жана башкалар. Жогорудагы спорт түрлөрү өтө активдүү, бир ордунда тура албаган балдарга сунушталат. Спорттук күрөш балдардын энергиясын башкарууга жана керектүү жакка сарптоого үйрөтөт. Аталган спорттун түрлөрү биздин өлкөдө жогорку деңгээлде өнүгүп белгилүү болгон. Учурда ар бир баланын профессионалдуу түрдө машыгууга да мүмкүнчүлүктөрү бар, себеби өлкөбүздө бир нече жылдар бою калыптанган спорт мектептери ондоп саналат, болгону өзүңүзгө жаккан спорт мектебин тандап алыңыз да уул-кызыңызды жетелеп жөнөңүз.

Даярдаган Нурпейил Сагынбекова

Пикир

Оставить комментарий