• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар үчүн жалаяктарда зыяндуу химиялык заттар табылды

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Францияда балдар үчүн жалаяктарда (подгузник) зыяндуу химиялык заттар табылды. Бул боюнча изилдөөнү айлана-чөйрө боюнча франциялык ANSES агенттиги жүргүзгөн.

Бирок ал жалаяктарды чыгарган өндүрүүчүлөрдүн аттары айтылган эмес.

Санитардык коопсуздук агенттиги билдиргендей, балдардын бир ирет колдонулуучу жалаяктарындагы уулуу заттардын өлчөмү белгиленген санитардык ченемдерден ашыкча болуп чыккан.

Бул боюнча өкмөт жалаяктарды жасап чыгуу технологиясын кайра карап, ал заттарды өндүрүштө колдонбоо боюнча талап койгонун euronews.com жазат.

Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Аньес Бюзен өз кезегинде тынчсызданган ата-энелерге кайрылып, балдардын саламаттыгына эч кандай коркунуч аныкталбаганын билдирген.

"Жалаяк кийип жүргөн балдардын саламаттыгында эч кандай коркунуч аныкталбаганын ата-энелерге айтып, ишендирип кетем", - деп билдирген министр.

Ал эми өндүрүүчүлөр жылына колдонулуп жаткан 3 миллиард жалаяктар балдардын ден соолугуна залал тийгизбей турганын билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий