• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн дагы бир “Жаштар үйү” ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Балдар үй-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Бишкекте дагы бир “Жаштар үйү” ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24 орундуу убактылуу жашоочу үй Ленин районунун “Киргизия-1” айылынын Таалай көчөсүндө жайгашкан, аталган үйдө кыздар гана жашайт.

“Жаштар үйү” “Жетим балдарды коргоо укугу” коомдук фонду тарабынан балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдык колдоо долбоорунун алкагында ачылды. Бул жерде: акысыз жашоо, үч жолу тамактануу, окуу жайларына кирүү (кечки мектеп, кесиптик лицей, колледж, ЖОЖ), аскердик каттоо жана поликлиниканын каттоосуна кирүү каралган.

Эскерте кетсек, Бишкекте Балтагулов көчөсү, 1 дарегинде балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн убактылуу турак жай берүү боюнча мекеме иштеп жатат. 1-сентябрга карата социалдык жатаканада 22 адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий