• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү. Сотмедэкспертизанын жыйынтыгы кийинки жумада даяр болот

Коом 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Военно-Антановка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүн аныктоо үчүн дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 29-июнга даяр болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июнда Сокулук райондук соттук-медициналык экспертиза адистери жашы жете элек 13 жаштагы Я.И.ны соттук-медициналык изилдөөнүн жүрүшүндө лабораториялык изилдөө үчүн соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн биологиялык объектилери алынган.

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө жашы жете элек 13 жаштагы Я.И.га соттук-химиялык жана дабораториялык изилдөө үчүн соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүлүп, натыйжалары алынды.

“25-июнда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда уюштуруу методикалык кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө тиешелүү сунуштар берилды. Соттук-медициналык изилдөөнүн натыйжаларын жана өлүмдүн бардык жагдайларын эске алуу менен жашы жете элек Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар”,-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, экспертиза иштери 29-июнда бүтөт жана тиешелүү органдарыга берилет.

Пикир

Оставить комментарий