• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат Мамашева: Балдар үйүндө калгандардын жарымы – мигранттардын балдары

Коом 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдардын 5% эле тоголок жетим, калгандарынын атасы же апасы бар. Алардын дагы жарымы — мигранттардын балдары. Мындай пикирин депутат Айсулуу Мамашева "Maral FM" радиосунун эфиринде билдирди.

Буга чейин бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана өзү 2019-жылды "Балдардын жылы" деп жарыялоо сунуш кылышканын эскертти.

Эгер 2019-жылы балдар жылы деп жарыяланса, сөзсүз түрдө билим берүү маселеси, мигранттардын балдарынын камкордугу көтөрүлүш керек, деп билдирди эл өкүлү.

– Бүгүнкү күндө мигранттардын агымы күч алып жаткан кез. Натыйжада, алардын бул жакта калган балдарынын укугу бузулган учурларга күбө болуп жатабыз. Конкреттүү сандарга токтоло турган болсок, балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдардын 5% эле тоголок жетим. Калгандарынын атасы же апасы бар. Алардын дагы жарымы – мигранттардын балдары. Бул чоң социалдык көйгөй, – деди депутат.

– Эмне үчүн биз бул жылды атайын балдар жылы деп жарыялоо менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз? Анткени кайсы жыл жарыяланса, ошого көбүрөөк көңүл бурулат. Ага атайын каражат бөлүнүп, ал багытта көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын программалар түзүлөт. Биз да ушул жыл балдарга арналса, бир топ көйгөйлөр чечилмек деп ойлойбуз – деп кошумчалады Мамашева.

Пикир

Оставить комментарий