• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балдар күнүн утурлай Ошто "балдарга мээрим" жумалыгы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош облусунда "балдарга мээрим" жумалыгы өтөт.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган жумалык 1-7-июнь күндөрү өткөрүлмөкчү.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев бардык балдарга колдон келишинче жардам көрсөтүү боюнча атайын тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

"Бул жылы балдарды коргоонун Эл аралык күнүн белгилөө ыйык Орозо айына туура келиптир. Андыктан ыйык айдын акыркы жумасын балдарга арнайлы", - деп билдирген өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнү 1949-жылы БУУнун атайын сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий