• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балдар менен китеп окуунун ыкмалары боюнча вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнь, саат 17.00дө Онлайн университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясы кезектеги “Балдар менен китеп окуунун ыкмалары” деген пайдалуу жана кызыктуу вебинар уюштурууда.

Вебинарда спикер, балдар жазуучусу, балдардын чыгармачылыгын арттыруу адиси Алтын Капалова балдар менен китеп аркылуу баарлашуунун ыкмалары, аларды китеп дүйнөсүнө кызыктыруунун жолдору, технологиянын доорунда балдарды китеп окууга тартуу жөнүндө ыкмаларды айтып берет.

Ошондой эле ал балдарга китеп окуп берүүнүн техникасы, китеп окууну театр, мультфильм жана башка көркөм өнөр чыгармаларына айлантуунун тажрыйбалары менен бөлүшүп, ал тажрыйбаларды ата-энелер кантип колдонсо болору тууралуу ойлорун ортого салат.

Пикир

Оставить комментарий