• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар онкологиясынын имаратын куруу белгисиз мөөнөткө жылдырылды – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Бишкектеги балдар онкологиясынын имаратын куруу каражат жоктугуна байланыштуу белгсиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өкөн маалымат жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыров билдирди.

Анын айтуусунда, өкмөт каражат бөлсө эле курулуш иштери жанданат. Азырынча каражат бөлүнө элек.

Абдыкадыров билдиргендей, алгач жети кабаттуу оорукана куруу пландалган. Бирок каражат тартыш болуп, төрт кабат жана ага кошуп жер төлөө салуу чечими кабыл алынган.

"Балдар онкологиясынын имаратын курууга дагы 360 млн. сом керек", - деп билдирди ал.

Ошондой эле Адилет Абдыкадыров кошумчалагандай, онкологиялык борбордогу ремонт иштери аяктаган, Саламаттык сактоо министрлиги керектүү жабдыктарды коюп бергенден кийин колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий