• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте рейд учурунда жашы жете элек балдары менен кайыр сураган 3 аял аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь акимиаты кароосуз калган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча рейддерди өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун, ички иштер башкармалыгынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүгө “7-апрель Шеиттери” мечитинин жана «Бета Сторес-2» соода борборунун айланасы камтылган.

Жыйынтыгында кайыр сураган жашы жете элек балдары бар 3 аял аныкталды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аялдар Биринчи май жана Ленин райондорунда жашары аныкталды.

Кызматкерлер эки аял менен ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Үчүнчү аял эки баласы менен качып кетүүгө үлгүргөн, мурда аны уулу менен «Бета Сторес-2» соода борборунун аймагынан көрүшкөн (социалдык түйүндөрдөгү жарыя).

Мындай рейддер түнкүсүн интернет клубдарда, кафелерде жана коомдук жайларда өткөрүлөт.

"Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка же мажбурлап иштетүүгө күбө болсоңуздар, борбор калаанын Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн ишеним телефонуна кайрылыңыздар:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий