• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар ооруканасында каза болгон ТИМ кызматкеринин өлүмүнүн себеби аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бактияр Шакировдун өлүмү коронардык артериялардын айкын атеросклерозунун натыйжасында пайда болгон курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен келип чыккан, деп билдирет ИИББдин басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматы боюнча, “Цефтриоксон” жана “Физиологиялык эритме” сыяктуу венага куюлган дары-дармектер жүрөк оорусуна алып келиши мүмкүнбү жана “Өлгөнгө чейин алынган дары-дармек менен жүрөк оорусунун ортосунда өз ара байланыш болушу мүмкүнбү, эгер болсо аны кандайча тастыктоого болот?” сыяктуу суроолор баштапкы соттук-медициналык экспертизанын компетенциясына кирбейт.

Ушуга байланыштуу жакын арада Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин катышуусунда ар тараптуу соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Эскерте кетсек, Шакиров 1-апрелде Эне-баланы коргоо улуттук борборунда медайым ага асма укол сайгандан кийин каза болгон. Ал өзүн жаман сезе баштаганда медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөнүнө карабай эсин жоготуп, ошол жерде каза болгон. Белгилүү болгондой, Шакиров асма укол алуу үчүн ооруканага өзүнүн дары-дармегин көтөрүп келген.

Пикир

Оставить комментарий