Балдар ооруканасындагы окуяга баа берүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жардам алган бейтаптарды этикалык жана укуктук нормаларды сактоого чакырат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар ооруканасында болгон окуяга объективдүү баа берүү үчүн министрлик атайын жумушчу топ түздү. Анын катарында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, медициналык кызматкерлердин профсоюзу жана кыргыз медицина ассоциациясы кирди.

"Учурда Эмгек кодексине, Жарандык кодекс жана Жоруктар жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова башында турган мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. 21-январда аталган жумушчу топтун биринчи отуруму өттү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-январда №3 балдар ооруканасында бейтаптын энеси менен дарыгердин ортосунда чыр чыккан. Ошондой эле жыл башында бейтаптын энеси дарыгерди сөгүп, кол салууга аракет жасаган.

Пикир

Оставить комментарий