• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балдар тууралуу мыйзам көбүнчө социалдык коргоо органдарында бузулат – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Балдар тууралуу мыйзам көбүнчө социалдык коргоо органдарында бузулат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Талантбек уулу Нуржан Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аныкталган 6 миң 724 мыйзам бузуунун ичинде 3 миң 222 мыйзам бузуу (48%) жетим балдардын укугун коргоо тууралуу мыйзамдарга баш ийүүгө, 1 миң 705и (25%) үй-бүлөнү, энени, атаны жана баланы коргоо тармагындагы мыйзам бузууга туура келет.

Талантбек уулу Нуржан кошумчалагандай, мамлекеттик бийлик органдарынын арасында мыйзам бузуулардын жана балдардын укуктарын бузуулардын көп бөлүгү социалдык коргоо органдарында – 3 миң 362 бузуу (50%, билим берүү органдарында – 1 миң 261 бузуу (19%), ички иштер органдарында 465 же 6,9 пайыз, балдар иштери боюнча комиссияларда 404 же 6 пайыз, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында 335 же 5%, саламаттыкты сактоо органдарында 229 же 3,4%, атайын тарбия берүүчү жана интернат мекемелеринде 125 жже 2%, калган мамлекеттик мекемелерде 542 же 8%.

Пикир

Оставить комментарий