• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен БУУнун Балдар фондусунун өкүлү кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 22.07.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольм менен балдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында кызматташуу маселелери боюнча жолугушту.

Жыпариса Рысбекова Кристин Жольмго ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын ишке ашырууга жана аларды коргоого шарт түзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы натыйжалуу кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар системалуу мүнөздөгү жана Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк сындуу мамлекеттик институттардын олуттуу көңүл буруусун талап кылган көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде балдардын жакырчылыгын кыскартуу, аларды социалдык жактан коргоого алуу, балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, билим берүү жана саламаттыкты сактоонун базалык кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелери аныкталды.

Жыйынтыгында Жыпариса Рысбекова менен Кристин Жольм балдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу жаатында долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, аларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана ЮНИСЕФ тарабынан иштелип чыккан 2023-2027-жылдарга карата өлкөлүк программанын долбоорун даярдоо, ошондой эле балдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана сактоо системасынын абалына өлкө боюнча обзорлорду, анализдерди жасоо жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий