• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Жалал-Абад облусуна барды

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 17-20-ноябрда Жалал-Абад облусунун шаарлары, бийик тоолуу жана алысыкы райондорунда жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында облустагы балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.

Кара-Көл, Таш-Көмүр мэрлери жана Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, социалдык мекемелердин жана жашы жете элек балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча натыйжалуу мамлекеттик системаны калыптандырууга көмөктөшүү боюнча инспекциянын жетекчилери менен жолугушуулар өттү.

Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарлары, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун социалдык объектилерде болду. Бул: «Арча-Бешик» бала бакчасы, Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар бөлүмү, Т.Сатылганов атындагы № 4-орто мектеп, «Ак-Кайың» № 2 бала бакчасы, Ж.Мавлянов атындагы орто мектеп-интернаты,

Т. Давлетов атындагы № 4 бала бакчасы, «Кун Чубак» № 1 бала бакчасы, «Бүчүр» бала бакчасы, Байдөөлөтов атындагы орто мектеп, ошондой эле бир нече үй бүлө жана балдарды өнүктүрүү борборлорунда болду.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолдору талкууланып, мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын укугу жана аларды коргоо маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртууга сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий