• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар укугу боюнча ыйгарымдуу өкүл “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева 16 күндүк “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясынын алкагында өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Бул акциянын алкагында быйыл Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш-чараларды өткөрүп, ага Бишкек шаарынын мектеп окуучулары катышууда.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева КР ИИМ тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, чоңдор биздин келечегибиз болгон балдарга түшүнүү менен, аяр мамиле жасоосу керектигин белгиледи.

«Белгилей кетсек, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан тынымсыз профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Балдар ар тараптуу өнүгүүсү үчүн өз укуктарын колдонушу керек, алар үчүн коркунуч туудурган зордук-зомбулукка кабылбашы керек”, - деди Асель Чынбаева.

Маалым болгондой, мындай иш-чаралар КР Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте облустук жана райондук деңгээлде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий