• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдарды бала бакчага кабыл алууда алардын ПЧР анализи зарыл эмес − Исмаилова

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Балдарды бала бакчага кабыл алууда алардын ПЧР текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалымкаты зарыл эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Ал өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелерине иштөөгө уруксат берилгенин айтып, алар өкмөт тарабынан бекитилген убактылуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы керектигин билдирди.

“Бүгүнкү күнү мектепке чейинки билим берүү мекемелер жарым-жартылай ишке киришип, балдарды кабыл ала баштады. Муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлери ПЧР текшерүүдөн өтүп жатышат. ПЧР текшерүү жүргүзүү жеке бала бакчалардын кызматкерлерине да сунушталган”, - деди ал.

Анын айтымында, бала бакчалардын имаратын дезинфекциялоо, аларга кабыл алуу санитардык-эпидемиологиялык борборлордун уруксаты менен, ата-энерлердин арызынын жана педиатрдын баланын ден соолугу тууралуу маалыматкарынын негизинде жүргүзүлөт.

“Муну айтып жатканымдын себеби, ата-энелер республикалык штабга Билим берүү министрлиги балдардын ПЧР тексттен өткөңдүгү тууралуу маалыматты сурап жатат деп кайрылышууда. Балдардан алардын ден соолугу тууралуу маалымкат ган талап кылынат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий