• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балдарды кароосуз калтырбагыла. Өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районундагы тез татым жана гриль сатуучу жайлардын кызматкерлерине газ колдонуу эрежелери жана өрт коопсуздугу боюнча нускамалар өткөрүлүүдө. Иш-чара ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жатат.

ӨКМ кыш мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин эскертет:

- ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды өрттөбөгүлө;

- бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуздар;

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;

- колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

- өрт катталган учурда учурда 112 жана 101 кыска номуруна чалуу керек.

Пикир

Оставить комментарий