• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Балдарды коргоо күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында балдар майрамы өткөрүлдү.

Балдарды майрамы менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров куттуктады.

"Балдар – биздин келечегибиз, үмүтүбүз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоого укуктуу.

Дени сак, адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо ириде ата энелер менен катар ал да биздин башкы милдетибиз.

Силер үчүн бар күчүбүздү жумшап, турмуштун суугунан коргоп, мээрим төгүп, туура жол көрсөтүп, келечегиңердин кең жана жаркын болушу үчүн болгон шарттарды түзүп берүүгө бар күчүбүздү, аракетибизди жумшайбыз!" - деди мэр.

Балдардын III Эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалынын катышуучуларынын түстүү парады Чүй проспектиси менен аянтка чейин өттү.

Аянтта жаш тургундар "Наристе" фестивалынын катышуучуларынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концертин күтүп жатышты.

Программанын өзгөчөлүгү балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун аткаруусу болду.

Балдар майрамын Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын "Эне-балага тирек" коомдук фонду уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий