• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн-саммити башталды

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Балдарды тарбиялоо биздин сүйүүбүздү, мээримибизди жана талыкпаган эмгегибизди талап кылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын балдарынын алгачкы онлайн-саммитинде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Ал сөзүнүн башында өлкөдөгү балдарды бүгүнкү майрамы – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап өттү.

"Балдардын майрамы бизге өсүп келе жаткан муундун алдындагы чоң жоопкерчилигибизди эсибизге салат. Балдардын көйгөйлөрү мамлекеттин, коомдун жана бардык кайдыгер эмес адамдардын башын бириктирет. Балдар жакшы жашоосу үчүн биз колубуздан келген бардык аракетибизди жумшайбыз. Кыргыз Республикасынын өкмөтү балдарыбыз жаркын келечектүү өлкөдө жашаса экен деп болгон аракетин жасап келет", - деди ал.

Анын айтымында, балдарга тарбия берип, өстүрүү көп эмгекти талап кылат.

"Балдарды тарбиялоо биздин сүйүүбүздү, мээримибизди жана талыкпаган эмгегибизди талап кылат. Бүгүн бул майрамга карата биз биринчи жолу Кыргызстан балдарынын онлайн-саммитин өткөрөбүз. Онлайн саммиттин ишине ийгилик каалайбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий