• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда дүлөй үч жигитти урган жергиликтүү тургандар жоопко тартылат – милиция

Аймак 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Алай районунун Кору айлында жаш балдарды уурдаганга аракет кылып жатат деген шылтоо менен дүлөй үч жигитти урган жергиликтүү тургандар жоопко тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-майда социалдык тармактарда видео тараган. Анда айылдын тургундары үч жигитти "балдарды уурдаганы келгенсиңер" деп айыптап, күч колдонушканын. Мүмкүнчүлүгү чектелген жигиттер эмне болгонун түшүндүрө алган эмес.

Милиция окуя Алайдын Кору айылында болгонун билдирип, 24 жаштагы жигиттер чындыгында дүлөй экенин кошумчалады. Алар Кара-Суудагы атайын мектепте билим алышат.

Жигиттер Алай районун досунун үйүнө келип, айылдарды кыдырып орозо-календарын сатып жүрүшкөн. Милиция маалыматы боюнча, айылдардын биринде алар эшек минип жүргөн жаш баланы көрүп, биз дагы минип көрөлү деп ага акча сунуштаган.

Сүйлөй албаган жигиттер, оюн эптеп түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок аларды түшүнбөй калган жаш бала үйүнө чуркап барып, "белгисиз адамдар мени кууду, акча сунуштады" деп айткан.

Өз жолун улуган дүлөй жигиттерди айылдын тургундары кууп жетип, чын эле дүлөй экенине ишенбей, токмоктоп коюшкан.

Милиция дүлөй жигиттерге каршы күч колдонгондордун баардыгы жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Мындан тышкары, бул окуя тууралуу социалдык тармактарда жалган маалыматты тараткан адамдар дагы жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий