• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балдардын бакубат жашоосу башкы артыкчылыктуу багыт бойдон калышы керек – ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Балдардын бакубат жашоосу башкы артыкчылыктуу багыт бойдон калышы өтө маанилүү. Бул тууралуу 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү карата уюштурулган Кыргыз Республикасынын балдарынын алгачкы онлайн саммитинде ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм билдирди.

"Бул жылы Балдарды коргоо күнү өзгөчө шарттарды белгиленип жатат. Мен мындай оор мезгилде балдар менен иштеген адамдарга – медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана социалдык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарга рахмат", - деди ал.

Кристин Жольм балдардын бакубат жашосу үчүн ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтүнө жана жарандык коомго колдоо көрсөтүүнү уланта берерин айтып өттү.

"Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилеп жатабыз. Бул күн балдарга кулак төшөөгө, алардын көз карашын билүүгө жакшы мүмкүндүк берет. Алар балдар үчүн бакубаттуулукту тартуулаган өлкө кандай болорун элестетерин билүү үчүн аларга угууга чакырам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий