• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдардын билим берүү тутумуна толук тартыш үчүн бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом талап кылынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, Конституцияда акысыз билим берүү укугу кепилденип, негизги жалпы билимг милдеттүүлүк белгиленген. “Биз билим берүү тармагына бир катар талдоо жумуштарын жасадык. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда жалпы билим берүүнүн баардык үч деңгээли – башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет”, - деди ал.

Демилгечилер тийешелүү билим деңгээлинин жетишсиздиги жаштардын бир бөлүгүнө социалдык жана экономикалык жактан терс таасир тийгизерин белгилешет. Мисалы, бир жылда өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталган.

Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миӊден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам, негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда.

Милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын тутумуна 182 млн сом, башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна 277 млн сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 млн сом талап кылынат, бирок мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.

Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөө сунушталууда.

Депутаттар кесипчилик-техникалык окуу жайларынын сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынып калса, анын талаптарын аткара алар-албасына кызыгышты. Департаменттин жетекчиси эл аралык уюмдардын жардамы менен кесипчилик-техникалык окуу жайларынын материалдык-техникалык базасынын 70 пайызы жаӊы жабдууларга жаӊыртылганын билдирди. Ал мекеме бюджеттен толук каржыланып, каралган каражат толугу менен өздөштүрүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Ирина Карамушкина билим берүү мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдүн иштеп кете турганына анчалык ишенкиребей турганын жашырган жок. “Баш мыйзамда деле акысыз билим берүү жоболору камтылган, бирок ал азыр иштеген жок да. Азыр сунушталып жаткан өзгөртүүлөр деле андан анчалык айырмаланбайт, анын деле иштей турганынан күмөнүм бар”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын республикалык бюджетинде өлкөнүн жалпы билим берүү тармагына 32 млрд сом көлөмүндө каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий