• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Балдардын ишеним телефону” борбору иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу чараларын кабыл алуу үчүн “Балдардын ишеним телефону” борбору – мамлекеттик мекемеси иштеп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Министрликке караштуу борбор менен күнү-түнү иштейт. Борборго “111” кыска номери аркылуу кайралууга болот. Борбордун психологдору абоненттерге, анын ичинде балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле жасалган учурларда консультациялык-психологиялык жардам көрсөтөт. “111” номерине келип түшкөн чалуулардын бардыгы жазылат.

Борбордун директору Марина Жапаркулованын айтымында «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылы 143630 телефондон кайрылуу (же орточо бир суткада 393 чалуу) түшкөн.

«Анын ичинен 1832 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, 1120 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 174 абонентке психологиялык консультация берилди, 538 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган», - дейт ал.

1832 чалуунун ичинен эркектерден – 457 (25,0%), аялдардан - 1375 (75,0%), балдардан – 263, анын ичинен эркек балдардан - 79 (30,0%), кыздардан - 184 (70,0%).

Түшкөн 1389 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

- Бишкек шаарынан –695 же 38,0 %;

- Чуй облусу –283 же 20,4%;

- Жалал – Абад облусу - 224 же 12,2%;

- Ош облусу – 205 же 11,2 %;

- Ысык - Көл облусу – 148 же 8,1%;

- Нарын облусу –76 же 4,1 %;

- Баткен облусу – 74 же 4,0 %;

- Талас облусу – 54 же 3,0 %.

Пикир

Оставить комментарий