• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Балдардын коопсуздугу» темасын чагылдырган сынакта «Кабардын» журналисти жеңүүчү аталды

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган "Балдардын коопсуздугу" темасын чагылдырган республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маданият министрлигинен белгилешкендей, сынактын жобосуна ылайык төрт номинация болгон. Алар: «Мыкты теле сюжет», «Газетадагы мыкты макала», «Мыкты радио уктуруу» жана «Маалымат сайтындагы мыкты макала». Ар бир номинациянын жеңүүчүсүнө бирден ноутбук жана кызыктыруучу 10 миң сом акчалай сыйлык каралган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. «Мыкты телесюжет» номинациясы – Ажиматова Гүлжан Жусуповна, Азия ТВ телеканалынын Ош облусундагы журналисти; Кызыктыруучу сыйлык – Шабданбек уулу Ноорузбек, Талас облустук мамлекеттик телерадио берүү уюмунун журналисти.

2. «Газетадагы мыкты макала» номинациясы – Ажымаматова Бактыкан, Жалал- Абад облустук «Акыйкат» гезитинин жооптуу катчысы; Кызыктыруучу сыйлык – Жаналиева Шейшекан Басекеновна, «Бала ыйласа аалам ыйлап, жылмайса жылмаят» макаласы үчүн;

3. «Мыкты радио сюжет» номинациясы – Сыдыкбекова Таалайкүл, КТРКнын «Биринчи радионун» продюссери; Кызыктыруучу сыйлык – Чабдарова Таалайгүл Токтогуловна, КТРКнын Биринчи радиосу;

4. «Маалымат сайтындагы мыкты макала» номианциясы – Ахматова Елена Васильевна, «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин журналисти.

Сынактын байге фондуна премьер-министрдин резервдик фондунан 200 (эки жүз) миң сом акча каралган.

«Эмгектер актуалдуулугу, объективдүүлүгү, маалыматтын аныктыгы, жеткиликтүүлүгү жана чыгармачылык мамиле өңдүү критерийлер боюнча бааланды», - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий