• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балдардын коопсуздугу темасында журналисттер арасында сынак жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдардын коопсуздугуна арналган темалар боюнча журналисттер арасында сынак өткөрүүдө.

Сынак 20-августка чейин созулат.

Конкурстун темалары: «Балдардын коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги», «Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүн кыюуну алдын алуу жана эскертүү», «Балдарда толеранттуулук маданиятын калыптандыруу» жана «Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу».

Сынактын максаты:

Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына көрсөтүлгөн темада сапаттуу жана кесипкөй материалдарды даярдоо менен балдардын коопсуздугуна арналган маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу.

Сынактын катышуучулары:

Конкурска борбордук жана аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын – телеканалардын, радиостанциялардын, бардык түрдөгү басылмалардын, интернет-басылмаларынын штаттагы жана штаттан сырткаркы журналисттери катыша алат.

Сынактын мөөнөтү:

Сынакка катышуу үчүн аткарылган иштер 2019-жылдын 20-августуна чейин кабыл алынат (17:00);

Сынактын катышуучулары 2019-жылдын 10-июнунан 20-августуна чейин жарыяланган же эфирде көрсөтүлгөн бир нече материалдарын сынакка бере алышат;

Сынактын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу салтанаты август айынын аягында өтөт. Так датасы кийин жарыяланат;

Талаптары:

Кыргыз жана орус тилдеринде макалалар 2 миң 500 сөздөн ашпашы керек. Видео жана мултимедиа 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. Материалдарда инновацииялык мамиле каралат.

Сынактын номинациялары:

Мыкты телепрограмма / телеберүү;
Мыкты радиоберүү / тематикалык берүүлөрдүн сериясы;
Мыкты макала / басма сөздөрдөгү макалалар сериясы;
Мыкты макала / интернет-басылмаларындагы макалалар.
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүнө сыйлык – ноутбук. Сынакта экинчи жана үчүнчү орундар каралган эмес. Бирок, уюштуруучулар кызыктыруучу сыйлыктарды ыйгаруу укугуна ээ.

Конкурска катышуу үчүн тапшырылган материалдарды баалоо төмөнкү критерийлер менен каралат:

Макалалар же сюжеттер сынактын талабына жана тематикага жооп берүүсү;
Маалыматтардын тактыгы жана кесипкөйлүк менен пайдалануу;
Темада конкреттүүлүк, тактык, айкындык, баяндаманын жеткиликтүүлүгү жана аудиторияны тарта алгандыгы;
Тил, чыгармачылык мамиле, видеокатар, стилистикасы;
Ар кандай кызыкдар тараптардын көз карашын жана пикирин чагылдыруу, пикирлердин салмактуулугу;
Жарыяланган мултимедиялык материалдардын сапаты, элементтери (аудио, видео, инфографика ж.б).
Сынактын материалдары электрондук почта аркылуу кабыл алынат: (press_sluzhba_mkitkr@mail.ru), ошондой эле Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, №78 дареги. Байланыш телефондору: 0312 62 12 34, 0550 990 475.

“Сынакка катышууга билдирүү ЖМК: Балдардын коопсуздугу үчүн бирге” деп каттын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

Катта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

Фамилиясы, аты, атасынын аты (материалдын автору);
Материалдын жарык көргөн датасы, редакциянын аталышы, онлайн ЖМКлар материалдардын ссылкасын көрсөтүүсү керек, гезит басылмалары версткаланган PDF форматын, видеоматериалдар видеофайлдарды (эфирге чыккан маалыматтарын) тиркөөлөрү керек;
Билдирме ээсинин байланыш телефондору жана электрондук дареги.

Пикир

Оставить комментарий