• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балдардын коопсуздугу — улуулардын камкордугунан көз каранды. ИИМ ата-энелерге сунуштамаларды берди

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Милиция менен тиешелүү органдар суу объектилериндеги адамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, балдардын сууга чөгүү фактысы көбөйүүдө. Мындан улам ИИМ ата-энелер үчүн сунуштамаларды берет:

• балдарды эрте сууда сүзүүгө үйрөтүңүз. Суунун жанында же бассейнде жүргөндө балдар ар дайым көзөмөлүңүздө болсун;
• балдарга сууда сүзүүгө жалгыз кое бербеңиз же алыс сүзүүгө жол бербеңиз;
• баланын жакшы сүзө аларына көзүңүз жеткенге чейин анын коопсуздугун камсыз кылган жабдыктарды көлдүн жээгинде, көлдө, кемеде, тайыз суунун жанында же бассейнде жүргөндө кийгизип коюңуз.
• эгерде суу сактагычтын тереңдиги бир жарым метрге жетпесе же жанында чоң киши жок болсо, анда балаңыздын сууга секиришине жол бербеңиз.
• чагылган учурда балдарды көлмөлөргө же суу сактагычтарга жибербеңиз;
• балдарга сууга чөгүүнүн алдын алуу эрежелерди үйрөтүңүз;
• сууга уруксат берилген жерлерде, жакшы жабдылган көлдүн жээктеринде түшүү керек;
• суунун агымы күчтүү, кароосуз калган жерлерде, балыры көп жерлердеги сууга түшпөө керек;
• суунун температурасы 19 градустан кем болбошу керек. Сууга 20 мүнөт түшүү сунушталат жана андан соң гана 3-5 мүнөттөн убактысын көбөйтө берсе болот.
• 15-20 мүнөттөн бир нече жолу сууга түшкөн жакшы, анткени сууда көп убакыт болгондо денени калтырак басуу, дем алуунун токтоп калышы жана эс-учун жоготуу менен коштолуп калышы мүмкүн;
• көпкө чейин күндө болгондон кийин сууга түшпөө же сууга секирбөө керек, анткени сууда муздаганда булчуңдар кысылып, жүрөк токтоп калат;
• көпүрөлөрдөн, тирөөчтөрдөн сууга түшүүгө, өтүп бараткан кайыктарга, кемелерге чейин сүзүүгө жол берилбейт;
• сууда сүзүүнү билбесеңиз жээктен алыс сүзбөңүз.

Пикир

Оставить комментарий