• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыпариса Рысбекова угуусу боюнча майыптыгы бар адамдардын билим алууга укугу боюнча тегерек столго катышты

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова «Угуусу боюнча майыптыгы бар адамдардын билим алууга укуктарын сактоо» темасындагы тегерек столго катышты.

Иш-чара БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Тегерек столдун максаты - укпаган жана угуусу начар адамдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген билим алуу укуктарынын сакталышын, ошондой эле толук орто жана жогорку билим алуусун камсыздоо жолдорун талкуулоо.

2019-жылдын мартында Кыргыз Республикасы БУУнун майыптардын укуктары боюнча конвенциясын ратификациялап, аны менен улуттук мыйзамдар жана практика деңгээлинде конвенция нормаларын ишке ашыруу милдеттенмелерин алган, анын ичинде эч кимди басмырлабастан билим алуу укугуна ээ.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык корголушунун системасынын иштөөсүн камсыздайт. Ал адамдын жана жарандардын укуктары жана эркиндиктеринин толук жана теңдикте ишке ашуусуна негизделип, алардын эч бир басмырлануусуз социалдык интеграциялынышы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүү жана алардын жашоо сапатын жакшыртуу.

Жыпариса Рысбекова кошумчалагандай, мамлекет ошондой эле ар бир жаранга мектепке чейинки, негизги жалпы, жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим берүүнү мамлекеттик билим берүү уюмдарында кепилдик берет.

«Ар бир бала сапаттуу билим алууга укуктуу. Бирок, биз билгендей майыптыгы бар балдардын көпчүлүк бөлүгү билим берүү мекемелеринин сыртында калууда жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө дагы иштеш керек.

Бүгүн биз өтө сезимтал теманы талкуулап жана сунуштардын артында кандай жоопкерчилик жатканын түшүнөбүз, бирок андан да чоң жоопкерчилик – аларды ишке ашыруу. Бизде майыптыгы бар адамдар сапаттуу билим берүү кызматын алышы үчүн чече турган дагы көп тоскоолдуктар жана маселелер бар экенин билебиз. Бул тегерек стол жыйыны угуусу начар адамдардын билим алуу укугунун азыркы абалын өз ара талкуулоонун, жалпы, орто эле эмес жогорку билим алуу укугун ишке ашыруусу үчүн жаңы жолдорду издөөнүн аянтчасы болот деп ишенем», - деп биелгиледи балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова.

Пикир

Оставить комментарий