• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 27.12.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын жетекчилиги астында «Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу» маселеси боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администарциясынан билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө балдарга карата зордук-зомбулуктун түрлөрүнүн өсүп жатканы, алардын сексуалдык ыдыкка учуроосу, өз жанын кыюусу, кордоого кабылуусу сыяктуу көрүнүштөрдүн себептери менен кесепеттери жана аларды жоюу жолдору талкууланды.

Өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү эң оор проблемалардан болуп жатканы, акыркы жылдарда балдарга карата мындай фактылардын статистикасы өсүп, зомбулуктун мүнөзү барган сайын ырайымсыз болуп баратканы(өлүм, майыптык, жаракат ж.б.) белгиленди.

Зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүп жатканы балдарга карата зордук-зомбулуктун себептерин жоюу боюнча алдын алуу иштеринин начар жүрүп жатканын көрсөтүүдө. Зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон балдардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турмуштук оор кырдаалда жашаганына карабастан тиешелүү кызматтар тарабынан аларды өз убагында аныктоо, социалдык жактан колдоо иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес.

Жыпариса Рысбекова балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту актоого болбой турганын, мындай кылмыштар эң катаал чараларды колдонуу менен мыйзам чегинде жазаланышы керектигин баса белгиледи.

Бардык эле учурларда негизги маселе бийлик түзүмдөрү менен тийиштүү кызматтардын ведомстволор аралык өз ара кызматташуусунда турат. Ченемдик укуктук актылар бардык ведомстволордо иштелип чыккан. Бирок мында адистердин алдындагы негизги милдет – алар өзүнүн эле багытында эмес, башка түзүмдөр менен да биргеликте иш алып баруусу керек. Ведомстволор аралык кызматташууну жергиликтүү деңгээлде күчөтүү зарыл.

Бүгүнкү күндө зордук-зомбулукту аныктоонун эң натыйжалуу ыкмаларын табуу, келечекте балдардын укугунун кымындай да бузулуусуна жол бербөө үчүн республика боюнча адистерди даярдоо зарылчылыгы турат. Мындан сырткары, балдарды коргоонун жекече программасын жана үй-бүлө менен жекече иштөө планын түзүп, ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир баланы көзөмөлгө алуу, коргоо жана жер-жерлерде оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн көп функциялуу профилактикалык кызматтарды түзүү (жоопкерчиликтүү ата-энелер мектеби, социалдык жардам жана колдоо көрсөтүү, турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөргө күндүзгү борборлор) зарыл.

Жыйындын жыйынтыгында “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын” ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын” ишке ашыруу боюнча Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо планынын долбоорун (2-этабын) иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйында министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышып, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана профилактикалык иш-чаралар тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий