• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдарга шарт түзүшүбүз керек - Ош шаарынын мэри

Аймак 0

Бишкек, 02.04.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов №17 “Ак ниет-Ош” бала бакчасында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Бала бакчага өзүнчө ашкана, балдар ойноочу аянтча жана жайкы чатырча (беседка) курулууда. Бала бакчанын имараты өткөн жылы толук капиталдык оңдоодон өткөн. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, май айына бүткөрүлөт.

“Балдар-биздин келечегибиз. Быйылкы жылы эки кичи районго балдар бакчасын курабыз. Жыл сайын бакча куруу иштери уланат. Мындан тышкары айрым бакчаларды оңдоодон өткөбүз. Биз балдарга шарт түзүшүбүз керек”, - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий