• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун байге фонду 6 млн сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, токтомго премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу өкмөттүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы №487 токтомуна ылайык:

1. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун байге фонду 6 млн (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2020-2022-жылдары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин 2-тиркемеге ылайык жүргүзүшсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2022-жылдын 31-августуна чейин колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий