• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдаштыруу сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо.

Парламенттин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстандын мыйзамдарына өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

Депутат Тазабек Икрамов дагы бул маселе боюнча аппаратка протоколдук тапшырма берүү жана депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылды.

Мындан сырткары, бир катар депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдаштыруу маселесин кароону сунушташты.

Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, окуяга шектүү катары үч жигит кармалган.

Белгилей кетсек, 11-августта президент Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук кылгандардын жоопкерчилиги күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну ( 89-берене) жана мунапысты колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Пикир

Оставить комментарий