• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балдарыбыздын келечеги үчүн таза суу маселесин чечишибиз керек – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Балдарыбыздын келечеги үчүн таза суу маселесин чечишибиз керек, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

Таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе экендигин белгилеп, Президент буга байланыштуу тийиштүү чаралар көрүлүп жаткандыгына токтолду.

«Акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү. Маселен, 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо - приоритеттүү багыт катары аныкталды. Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду», - деп баса белгиледи Президент.

Ал калкты таза суу менен камсыз кылуу — анын президенттик ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыт экендигин эске салды.

«Таза суу маселесин чечебиз деп президенттикке талапкер катары убада бергем, бул кызматтагы мөөнөтүм аяктаганча маселени чечүүгө болгон аракетимди жумшап жатам», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий