• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата конференция өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата Бишкекте илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 4-ноябрда саат 15:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт.

Чолпонбек Базарбаев Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдыңкы балет бийчиси болгон. 1993-96-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри болгон. Ал эми 2001-2002-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору болуп эмгектенген. Балет бийчиси Базарбаев 2002-жылы дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий