• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Балет театрынын солисти Фарух Садыркулов "Жаш дүйнө балети" сынагында 3-орунду ээледи

Маданият 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркулов Сочидеги 7-Эл аралык балет артистеринин "Жаш дүйнө балети 2019" сынагында үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Досмат Садыркулов билдирди.

Анын айтымында, аталган конкурска 15тен ашык өлкөнүн бийчилери катышкан.

"Сынакка 10-15тен ашык өлкөдөн бийчилер катышты. Биздин опера жана балетте оңдоо иштерине байланыштуу конкурска даярдануу кыйынга турду. Ага карабай биздин балабыз үчүнчү орунга татыды. Кыргыз балети үчүн өтө кубанычтуу жаңылык", - деди Садыркулов.

Фарух Садыркулов конкурска чейин 2 ай өргүүгө чыккандыктан сынакта бийлөө кыйынга турганын айтты.

"Конкурс мага өтө оор келди. Бизде 2 ай аралыгында өргүү болуп, артист катары сезондун башында өзүмдүн формама келе элек болчум. Аталган конкурска улуу жаштагы категориясында 24 бийчи болчу. Ал эми, кенже категориясында 40тай катышуучу болду. Жалпысынан 70тей бийчилерден билдирүү келип түшкөн. Экинчи турга улуу жаштагылардан 22дей бийчи, кенже тайпадан 24 бийчи өттү. Финалдык турга улуу жаштагылардан 12, кенжеден 10 бийчи өтүү", - дейт Садыркулов.

Ал белгилегендей, биринчи орунду Новосибирск жана Москванын бийчилери ээлеген. Кийинки орунга Армения менен Казандын солисттери татыган. Үчүнчү орунга Япония менен Италиянын солисти жана Фарух Садыркулов татыган.

Кыргызстандык бийчи аталган конкурста бийдин жети түрүн тартуулаган.

"Конкурс 3 турда өтүп, мен жети бийди бийледим. Анын алтоосу классикалык жана бирөөсү заманбап бий. Башында "Дон Кихоттогу" Базилди жана Али вариациясынын "Корсарды" бийледим. Экинчи турда "Баядерка" жана "Диана менен Актеон" вариациясын бийледим. Финалдык турда "Париж жалынындагы" Филипти тартууладым", - деп билдирди Садыркулов.

Пикир

Оставить комментарий