• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 17.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 4-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргызстандын кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өтө сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоо, өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий